09.05.2026
Кароолор: (7)
9-МАЙ — УЛУУ ЖЕҢИШ КҮНҮНҮН 81 ЖЫЛДЫГЫ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИ
Бүгүн, Кара-Көл шаарында 9-май — Жеңиш күнүнүн 81 жылдыгын белгилөөнүн алкагында шаар тургундары үчүн “Өлбөс полк” жөө жүрүшү уюштурулуп, “Жеңиш” аллеясында митинг-реквием болуп өттү.
Аталган иш-чарага шаар мэри Эдилбек Тажимырзаев, Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Бакай Токтобаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери эмгек жамааттары менен, шаар тургундары, Баткен окуясынын жана Тажик-Ооган окуясынын катышуучулары, Ооган согушунун ардагерлери катышты.
Анда гүлчамбар коюу аземи уюштурулуп, согушта курман болгон баатырлардын жаркын элесине арналган бир мүнөттүк эскерүү жарыяланып, аларга багышталып куран окулду.
Майрамдын урматына арналган концерттик программа “Энергетик” эс алуу паркында улантылып, шаар тургундары үчүн “Энергетик” маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан уюштурулган концерттик программа тартууланды.
Ошондой эле кол күрөш, алыс аралыкка чуркоо (кросс) жана алыш күрөшү боюнча спорттук оюндар уюштурулду.
Шаарда Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун жесири, Жазы-Кечүү айылынын тургуну Муратова Зинабүбү апа менен шаар башчысы Эдилбек Тажимырзаев үйүнө барып жолугушуп, кабар алып, куттуктап кайтты. Зинабүбү апага жергиликтүү бюджеттен жеке банктык эсебине 20 миң сом акча каражаты которулуп берилди.
Улуу Жеңиш — бул эрдиктин, кайраттуулуктун жана мекенге болгон чексиз сүйүүнүн символу. Ата-бабаларыбыздын каармандыгы эч качан унутулбайт.
9-Май — Улуу Жеңиш күнүңүздөр менен! Тынчтык, ынтымак жана бейпил жашоо ар бир үйдө болсун!





