13.11.2024
Кароолор: (34)
9 АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛГАН КОЛЛЕГИЯЛЫК ЖЫЙЫН

Бүгүн, 1-ноябрь, Кара-Көл шаардык мэриясында 9 айдын жыйынтыгы чыгарылды. Коллегиялык жыйынга шаар мэри Нуртилек Орозбаев жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Жыйында эки маселе каралды.
1. Кара-Көл шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын 2024-жылдын 9-айында аткарылышы;
2. Шаардын калкын жана экономика тармактарын 2024-2025-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгы;
Коллегияда мэрдин орун басарлары жана бөлүм башчылар тарабынан 2024-жылда аткарылган иштер, көрсөткүчтөр боюнча маалымат берилди.
Кыргыз Республикасынын Финансы министирлиги тарабынан жеткирилген 2024-жылдын 9 айына такталган план активдер жана милдеттенмелерди, атайын каражатты кошуп эсептегенде 112,7%га, же 19713,0 миң сомго ашык аткарылган.
Электр от каналарын 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча пландын негизинде, капиталдык жана кезектеги оңдоп-түзөө иштери толугу менен бүткөрүлгөн. Электр от казандарды жүргүзүүгө регионалдык башкармалыктын электр энергиясы боюнча көзөмөлдөөчүлөрүнөн наряд алынган. КК РЭТ жылуулук мезгилине даярдыгын билдирди. "Кара-Көл жылуулук менен жабдуу" муниципалдык ишканасы шаар аймагынын калкын жана экономика тармактарын 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого даяр.
Шаар мэри Нуртилек Орозбаев саламаттыкты сактоо тармагынын жетекчилерине бир катар тапшырмалды берип, калк саламаттыгына кам көрүү өз деңгээлинде көрүлсүн деп эскертти.
Ошондой эле, бир топ жетекчилерге эскертүү берди.
Мэр баса белгилегендей, жыл жыйынтыгы менен кетирилген кемчиликтер жоюлбаса, жумушун аткара албаган жетекчилердин кызмат орду каралат.