Көрүүсү начарлар үчүн версия

06.03.2026

Кароолор: (1)

8-МАРТ — АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮНӨ АРНАЛГАН САЛТАНАТТУУ ИШ-ЧАРА

Бүгүн, 6-мартта Кара-Көл шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында 8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Майрамдык иш-чарага Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, ар түрдүү тармактарда үзүрлүү эмгектенип, коомдук турмушка активдүү салым кошуп келе жаткан айымдар, ошондой эле баатыр энелер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаар мэри Нуртилек Орозбаев аялзатынын коомдогу орду өзгөчө экенин белгилеп, алардын үй-бүлөдө да, коомдук турмушта да аткарган ролу баа жеткис экенин айтты. Ошондой эле эмгеги менен айырмаланып, коомго татыктуу салым кошуп келе жаткан бир катар айымдарга ыраазычылык билдирилип, сыйлыктарды тапшырды.

Салтанаттуу иш-чаранын соңку бөлүгү “Энергетик” маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган майрамдык концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Мындан тышкары, шаар мэринин орун басары Манас Абдыкалыков шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте 90 жана 100 жаштан ашкан апалардын үйлөрүнө барып, аларды Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктап кайтты.

Аялдардын эл аралык күнүнө карата жергиликтүү бюджеттен 260 миң сом каражат бөлүнүп, 260 айымдын жеке эсептерине акчалай жардам катары которулду. Алардын катарында баатыр энелер, Улуу Ата- Мекендик согуштун катышуучуларынын жесирлери, 90 жана 100 жаштан ашкан апалар, ошондой эле мекеме-ишканалардын алдыңкы кызматкерлери бар.