Көрүүсү начарлар үчүн версия

06.04.2024

Кароолор: (20)

7-Апрель – Элдик революциясынын 14 жылдыгына арналган иш-чара уюштурулду

Кара-Көл шаарынын мэриясы тарабынан 7-Апрель – Элдик революциясынын 14 жылдыгына арналган иш-чара уюштурулду. Эскерүү митинги 2024-жылдын 5-апрелинде борбордук аянтта белгиленип, иш-чара шаарыбыздын тургундары, чакырылган коноктор жана мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда “Жаркын келечек үчүн кыйылган кырчын өмүрлөр” - аттуу театр-композициясы менен башталып,эскерүү ыр саптары айтылып,курман болгон баатырларга куран окулду. Ошондой эле, шаар аймагындагы баардык билим берүү мекемелерининин музей, китепканаларында атайын көргөзмөлөр уюштурулуп, көрсөтүлдү. Кара-Көл шаарынын мэринин биринчи орун басары Тажимырзаев Эдилбек Садырбекович курман болгон баатырларга таазим кылып, сөз сүйлөдү. 

         Урматтуу мекендештер!  Кадырлуу, Кара-Көл шаарынын тургундары!

         Бүгүн Апрель элдик революциясына туура 14 жылдын жүзү болду.

 Кыргызстандын  эгемендүүлүк жылдарындагы Аксы окуясы, Март, Апрель элдик революциялары жана  Октябрь окуялары – өлкө тарыхындагы саясий орчундуу окуялардан болуп калды.

   Азаттыкты туу тутуп, ар дайым калыстыкка умтулган өзгөчө касиетти көкүрөгүндө аздектеп алып жүргөн кыргыз эли, аталган бул окуяларда адилетсиз башкарууга караманча каршы болуп, чырмалышкан акыйкатсыз системаны алмаштырууга тикесинен тик турган.

 Тилекке каршы, Апрель элдик революциясында 90дой эр-азаматыбыз окко учуп, каза болду.

 Карапайым элдин, жумурай журттун азаттыгы үчүн күрөшкөн уулдарыбыздын жаркын элестери жүрөгүбүздө түбөлүккө жашай берет.

 Урматтуу агайын-туугандар!  Соңку тарыхыбыздагы бул окуялардан алынуучу эң башкы сабак – адилет башкаруу менен элдин бакубат турмушун камсыз кылуу.

 Биз Ата-Мекени үчүн, өмүрлөрүн арнаган атуулдарыбыздын ой-максат, тилектерин, Кудай буйруса, орундатабыз.

 Эгемен Кыргызстанда ар дайым акыйкаттык өкүм сүрүп, өлкөбүз өнүгүп, өсө берсин!