13.11.2024
Кароолор: (18)
4-ноябрдан тарта Кара-Көл шаарында жылуулук бериле баштайт. Тиешелүү буйрукка шаар мэри Нуртилек Орозбаев кол койду

Ага ылайык, шаардагы бардык мекеме-ишканаларга, мектеп, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана көп кабаттуу үйлөргө жылуулук бериле баштайт. Борборлоштурулган жылытуу системасы аркылуу шаардагы 3666 үй, 73 дан ашуун бюджеттик жана коммерциялык мекемелер жылуулук менен камсыздалат.
Белгилей кетсек, Кара-Көл шаарында 6 от кана болсо, анын баардыгы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 500 тонна көмүр, учурда кышка толугу менен даяр абалда.