03.12.2023
Кароолор: (137)
3-декабрь “Эл аралык майыптар күнүнө ” карата кайрылуу
Бириккен Улуттар Уюму 1992-жылы 3-декабрь “Эл аралык майыптар күнү” деп жарыялаган.
2012-жылдын 10-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында балдарды улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө” №237-токтомунун негизинде 3-декабрь Эл аралык майыптар күнүнө карата “Биз биргебиз” аттуу 15-ноябрдан 15-декабрга чейин жыл сайын бир айлык акция өткөрүлүп келет. Акциянын алкагында Сиздерге колдоо көрсөтүү максатында иш чаралар өткөрүлүүдө.
Шаардык социалдык фонд башкармалыгында 642 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар (ДМЧА), шаардык эмгек социалдык камсыздоо жана мигрция башкармалыгында 496 (ДМЧА) анын ичинен 18 жашка чейинки ДМЧБ 204 жалпысынан 1138 ДМЧА шаарыбызда каттоодо турат. Бирөөнүн кароосуна муктаж өзүн өзү тейлей албаган ДМЧАлар 76, анын ичинен 18 жашка чейинки балдар 49. Жогорудагы ДМЧАларды тейлеген 76 жеке ассистент бар, аларга республикалык бюждеттен ай сайын акча каражаты каржыланат.
Бүгүнкү кундө майыптыгы бар жарандарыбыздын керектөөлөрүн эске алуу менен алардын шаарыбыздын социалдык экономикалык жана коомдук турмушка катышуусун ишке ашыруу улантылууда. Аларга социалдык, медициналык кызматтар көрсөтүлүүдө.
Республикалык бюджеттен каралаган санотордук-курорттук жолдомолор, майыптык коляскалар, ортопеддик протездик буюмдар ДМЧАларга ШЭСКМБ тарабынан берилүүдө.
Жалал-Абад шаарында 2023-жылдын 15-17-сентябрында ДМЧАлар арасында облусттук спортакиадага 17 ДМЧА катышып, активдүү катышуучу болуп диплом менен сыйланды. Көл күрөш боюнча Калмурат у Гүлжигит 2-орун, шахмат боюнча Сарпашов Мейманжан Бекжанович 2-орун, гира боюнча 2-орун алышкан. ШЭСКМБнын кызматкери, Шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы коштоп барып келди. ДМЧАлардын каржы маселелери шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн сметасынан каржыланды.
Бишкек шаарында 2023-жылдын 17-21-ноябрга чейин өткөн майыптыгы бар балдар жана адамдардын арасында шахмат боюнча Кыргыз Республикасынын VIII чемпионатына шаарыбыздан 2 ДМЧА жөнөтүлүп, ШЭСКМБнын кызматкери коштоп барып келди. Ал шахмат боюнча чемпионатта бизден барган Кенешбеков Алихан 14 жаштар арасында Республика боюнча 1-орунду ээлеп байгелүү болду. Сарпашов Мейманжан Бекжанович активдүү катышуучу болуп диплом менен сыйланды. ДМЧАлардын каржы маселелери мэриянын резервдик фондунан 15000сом каржыланды.
Жалал-Абад шаарында 28-ноябрь күнү өткөн “Соолубасын үмүттөр” аттуу облусттук музыкалык кароо сынакка 7 ДМЧА барып активдүү катышып, таланттарын көргөзүп келишти, ШЭСКМБнын кызматкери коштоп барып келди. ДМЧАлардын каржы маселелери мэриянын резервдик фондунан 14000сом каржыланды.
Баарыбызга аманат болгон ден соолугубузга кам көрөлү. Жараткан бөөдө кырсыктан сырткары кылсын. Алдыга койгон ой –максаттар орундалып, жакындарыңыздар менен жакшы жашоодо өмүр сүрүнүздөр!
Урматтуу жетекчилер, жеке ишкерлер, шаар тургундары, Сиздерди биздин майыптыгы бар бир туугандарыбызды урмат сый менен түшүнө билип, колдоо көрсөтүп, кайрымду болууга чакырат элем, анткени кыргыз эли илгертеден бери эле боорукер кайрымдуу калк.
Сиздерди урматтоо менен,
Шаар мэри Конкобаев Талайбек Тажиматович