23.12.2024
Кароолор: (11)
29-31-октябрь күндөрү эркин күрөш боюнча Өзбекстандын Асака шаарында балдар арасында өткөн эл аралык турнерге Кара-Көл шаарынан 6 бала катышты

29-31-октябрь күндөрү эркин күрөш боюнча Өзбекстандын Асака шаарында балдар арасында
өткөн эл аралык турнерге Кара-Көл шаарынан 6 бала катышты. Үчөө байгелүү орунга жетишти. 25 кг салмактан 2-орунду Аскаралиев Рамзан алса, 29 кг салмактан Куралбеков Нурел 3-орунду багындырды. Ал эми 23 кг салмактан 2-орунду Ажыманов Каниет утту. Ошондой эле эркин күрөштөн Казакстандын Алмата шаарында өткөн эл аралык турнерде 23 кг салмакта Калымбеков Буркан 3-орунду ээледи. Байгелүү орундарды багындырып келген спортчуларды
Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев кабыл алып, жеңиши менен куттуктап, ар бир спортчуга акчалай сыйлыктарды тапшырды. Спортчулардын машыктыруучуларына да акчалай сыйлыктар тапшырылды.