04.08.2025
Кароолор: (11)
2,5 ТОННА КАРА КУУРАЙ ЖОК КЫЛЫНДЫ

Кара-Көл шаарында 2,5 тоннадай жапайы өскөн кара куурай жок кылынды. Бул иш чара шаардык прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук чара көрүү АКТнын негизинде ишке ашырылды.
Аталган иш чара 2- август күнү, Кара-Көл шаарынын мэриясы тарабынан шаардын Көк-Бел участкасындагы жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу багытында өткөрүлдү.
Мында жапайы өскөн кара куурайды жок кылууга шаардык мэрия, шаардык прокуратура, шаардык ички иштер бөлүмүнүн жана башка мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын кызматкерлеринин катышуусунда жүргүзүлүп, болжолдуу түрдө 2,5 тоннадай жапайы кара куурай өсүмдүгү жок кылынды.
Жогоруда жүргүзүлгөн иш чаранын алкагында жапайы кара куурай өсүмдүгүн жок кылуу иштерин жүргүзүү менен биргеликте Кыргыз Республикасынын "Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" мыйзамынын талаптарын аткаруу жана укук бузууларды, өзгөчө баңги каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан кылмыштардын алдын алуу максатында, баңгизаттарды колдонуу, сактоо жана таратуунун укуктук жана медициналык кесепеттери тууралуу профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бул иш-чаралар коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле баңги каражаттарынын мыйзамсыз айлануусунун жана ага байланыштуу укук бузуулардын алдын алуу максатында ишке ашырылды.