Көрүүсү начарлар үчүн версия

04.02.2025

Кароолор: (68)

2024-ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

Бүгүн, 30-январь Кара-Көл шаардык мэриясында жыл жыйынтыгын чыгарган коллегия өттү. Ага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев, шаар мэри Нуртилек Орозбаев, шаардык кеңештин төрагасы Чынгыз Кимсанов жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Коллегияда 2024-жыл ичинде социалдык, экономикалык, курулуш жана коммуналдык тармактагы аткарылган иштер тууралуу маалымат берилип, жыйынтыгы чыгарылды. Ошондой эле, жарлык-буйруктардын аткарылышы боюнча да отчет берилди.

Ар бир тармак боюнча мэрдин орун басарлары баяндама жасап, аткарылган жумуштардагы жетишкендиктер менен кемчилдиктерге токтолушту.

Шаар мэри Нуртилек Орозбаев 2024-жыл Кара-Көл шаары үчүн ийгиликтүү болгонун баса белгилеп, ар бир тармактын кызматкерлерине кайрылып, 2025-жылы жүктөлгөн милдеттерди так аткаруу менен ак кызмат кылууга чакырды.