Көрүүсү начарлар үчүн версия

14.08.2024

Кароолор: (50)

2 кабаттуу турак-үйдөн өрт чыкты

2024-жылдын 13-август күнү Кара-Көл шаарынын М.Сабиров көчөсүндөгү 1964-жылы курулган 2 кабаттуу №85-үйүнөн өрт чыгып, болжол менен үйдүн жалпы 600 чарчы метр шыбы жана чатыры күйүп кеткен. 

Өрттү өчүрүүгө саат 17:51 де Кара-Көл шаардык  №94 ӨКБдан 1 бөлүм,  кошумча саат 18:00дө Кара-Көл  шаардык № 94 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм 2 офицер 10 өрт өчүрүүчү куткаруучу, 7706 аскер бөлүгүнөн 20 жоокер, жергиликтүү 10 адам, ШИИБдин ыкчам тергөө тобу жана 9 кызматкер тартылып өрттү өчүрүү иш-аракеттери жүргүзүлгөн.

 Өрт кырсыгынан жабыркагандар жок. Өрт кырсыгынын себеби болжол менен электр зымдарынын кыска чагылуусунан келип чыккан.

 Кара-Көл шаарынын Жарандык коргонуу башчысынын орун басары Э.С.Тажимырзаев жана комиссиясы мүчөлөрү тарабынан жеринен көрүп каралып, тиешелүү жардамдар көрсөтүлүп жарандарга тамак-аш берилди. Кара-Көл шаарынын мэринин орун басары Э.С.Тажимырзаев тарабынан  Кара-Көл шаарынын М.Сабиров көчөсүндөгү №85-үйүнүн тургундарын убактылуу үй менен камсыз кылуу максатында, Кара-Көл шаарынын Жарандык коргонуу кызматтарына тапшырма берилип, жабыркаган үй-бүлөөлөрдү убактылуу батирлерге жайгаштыруу иштери жүргүзүлүп жатат. Жергиликтүү бюджеттен 16-батирдин ээлерине 50,000 (элүү миң) сомдон акча каражатын бөлүп берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү жана шаардык мэриядан атайын эсеп счет ачылып, менчик түрүнө карабастан мекеме-ишканалар бир күндүк айлык акыларын которуу маселеси каралууда.