Көрүүсү начарлар үчүн версия

26.09.2024

Кароолор: (47)

18 МВт Кара-Көл чакан ГЭСинин курулуш иштеринин жүрүшү

2024-жылдын 26-сентябрында Кара-Көл шаарынын мэри Н.О.Орозбаев, мэрдин орун басары Э.С.Тажимырзаев, мэриянын бөлүм башчысы Г.О.Сатарова, мэриянын жетектөөчү адиси Т.К.Кожобергеновдон турган жумушчу тобу “Жагалмай” ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан 18 МВт кубаттуулуктагы Кара-Көл чакан ГЭСинин учурдагы жүрүп жаткан курулуш иштери боюнча жеринен таанышты.

 

Кара-Көл чакан ГЭСинин жогорку бьефиндеги суу топтолуучу курулмасынан,  машиналык залына чейин баруучу, басым жасоочу суу түтүкчөлөрүнүн жасалышын, орнотулушун жана котловандын курулушу тууралуу Кара-Көл чакан ГЭСинин өндүрүштүк директору О.К.Качкынбаев түшүндүрмө берди.