Көрүүсү начарлар үчүн версия

15.02.2024

Кароолор: (48)

15-февраль Советтик Армиянын Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 35 жылдыгына карата өткөрүлгөн эскерүү митинг реквиеми

       Кара-Көл шаарынын мэриясы, 2024-жылдын 15-февралында “Жениш” эс алуу паркында саат                       10-00до 15-февраль Советтик Армиянын Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 35 жылдыгына карата Ооган согушунун ардагерлери, шаар тургундары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери менен эскерүү митинг реквиему өттү. Ооган согушунда каза болгон жоокерлерибизди эскерип куран окутулуп, күр дүрмөт ок атылып, эстеликке гүл чамбар, гүл дестелер коюлду. 

         Ооган согушунун ардагерлерин  шаар мэри, шаардык кеңештин төрагасы, шаар прокурору, шаар жетекчилери, аксакалдар кеңеши, аксакалдар соту, куттукташып, шаардык мэриянын, №7706 Аскер бөлүгүнүн, шаардык Аскер комиссариатынын, медаль, төш белги, ардак граммоталары Ооган ардегерлерине ыйгарылды. Шаардык маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан концерттик программа шаар тургундарына тартууланды.

         Шаардык мэрия тарабынан  шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында каттоодо турган  шаарыбыздагы Ооган согушунун ардагерлерине ар бирине 3000сомдон  48000сом, медал алууга 18200сом бары 66200сом материалдык жардам банк аркылуу которулуп  берилип, социалдык кызмат көрсөтүүлөр колдоолор жүргүзүлүп жатат. Шаарыбыздын ар бир жалпы билим берүү мектептердинде ачык сабактар өткөрүлүп, согуш ардагерлери менен жолугушуулар өткөрүлүүдө.