Көрүүсү начарлар үчүн версия

15.02.2024

Кароолор: (60)

15-февраль Советтик Армиянын Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 35 жылдыгына карата өткөрүлгөн эскерүү митинг реквиемде шаар мэринин сөзү

         Урматтуу Ооган согушунун ардагерлери жана эскерүү минтингтин катышуучулары!

    Бүгүн  биз сиздер менен бирге Советтик Армиянын жоокерлеринин Ооган Республикасынан чыгарылгандыгынын 35 жылдыгын белгилеп жатабыз.

         Урматтуу Ооган согушунун ардагерлери, Сиздер басып өткөн 9 жыл 51 күнгө созулуган 1979-1989-жылдардагы жарыяланбаган Оооган согушу Советтик доорго туш келген. Ошол кездеги Советтик аскерлердин эң биринчи милдетии Советтер Союзунун түштүк чек араларын чыңдоо жана Ооган Республикасында социалисттик режимди орнотуу  максатында көздөгөнү  баарыбызга белгилүү. Бул  да болсо ошол мезгилдеги Советтер Союзунун географиялык  саясаты десек  туура болот. Биз бул тарыхты унутуп коюп башкача көз карашка өтсөк анда туура эмес деп ойлойм. Бул согушта улуу совет элинен 14427 адамдын өмүрүн  алган он жылга созулган ошол Ооган согушуна катышкан 7141 Кыргызстандык жоокерлердин ичинен 259 жоокер каза болуп, 4 жоокер дайынсыз жоголуп, 585 жоокер майып болуп, 1500 жоокер ар кандай дээңгелде жаракат алып, 4793 жоокер  кыргызстанга аман-эсен кайтып келишкен. Бүгүн 15-февралда Советтик Армиянын жоокерлеринин Ооган жеринен чыгарылгандыгына 35 жыл болду, бизде 15 жоокер ардагер, 2 курман болгон жоокердин үй-бүлөсү бар. Биздин шаарыбыздан курман болгон жоокерлер Кайыпов Алымбек Жумашович, Ажиматов Исмаил Калманбетовичтердей агаларыбыз согуш майданында өз жанын аябастан баатырларча курман болгон. Ошол согушта курман болгон жоокерлерибиздин жаркын элестери түбөлүккө элибиздин жүрөгүндө унутулбастан сакталат.

           Урматтуу Ооган согушунун ардагерлери сиздер дагы ошол согушта өзүңүздөрдүн интернационалдык милдеттериңиздерди бийик намыс менен аткардыңыздар, бөтөн эл, бөтөн жерде, туруктуулугунуздарды, тайманбастыгыңыздарды Ата-Мекенге  болгон сүйүүңүздөрдү көрсөтө алдыңыздар. Сиздер менен биз сыймыктанабыз.

           Урматтуу Ооган согушунун ардагерлери Советтик Армиянын жоокерлерин Ооган Республикасынан чыгарылгандыгынын 35 жылдыгы  менен куттуктайм, кыргыз элибизде сиздердей мекенчил уулдарыбыз көбөйө берсин! Жер жүзүндө согуш  болбосун, Кыргызстанда тынчтык болсун! 

 

Шаар мэри                                       Т.Т. Конкобаев