10.09.2026
Кароолор: (41)
11-СЕНТЯБРДАН 14-СЕНТЯБРГА ЧЕЙИН
Кара-Көл шаарында жолбун иттердин көбөйүшүнө байланыштуу калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында тиешелүү иштер жүргүзүлүп баштайт. Тактап айтканда, жолбун иттерди атуу иштери жүргүзүлөт.
Аталган иштер ар күн сайын таңкы саат 06:30дан 08:00гө чейин өткөрүлөт.
Жарандардын коопсуздугун сактоо максатында атуу учурунда милиция кызматкерлери көзөмөл жүргүзөт.
Атылган иттердин тарптары ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык атайын жайда зыянсыздандырылып жок кылынат.
Шаар тургундарын коопсуздук талаптарын сактап, жооптуу кызматкерлердин көрсөтмөлөрүнө баш ийүүгө чакырабыз.