Көрүүсү начарлар үчүн версия

Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Урматтуу шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана ардагерлери!

Жарыяланган датасы:

01.11.2023

      Бүгүнкү майрам кайраттуу, эр жүрөк, элдин сыймыгына татыктуу эр азаматтарыбыздын майрамы. Сиздер күн түн дебей, элибизге кызмат өтөп келесиздер. Сиздердин коомдук тартипти камсыз кылууда, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө кошкон салымыңыздардын артында шаарыбызда туруктуулук бар. Сиздердин эң татаал учурларда дагы кынтыксыз аткарып жаткан иш –аракетиңиздер, кесипкөйлүгүңүздөр, кызматтык милдеттериниздерди үлгүлүү аткаргандыгыңыз үчүн Кара-Көл шаарынын мэриясынын аппаратынын атынан ыраазычылык билдирем.

     Ички иштер органдарынын кызматкерлери ар дайым мекенчилдиги жана чыдамкайлыгы, эрдиги жана жогорку адискөйлүгү менен айырмаланып келген. Бул өзгөчө сапаттарды сиздер адамдардын жыргалы үчүн арналган ары татаал ишиңиздер менен көрсөтүп келесиздер. 

     Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө чың ден соолук, бакыт-таалай, ишиңиздерге ийгилик каалап, шаарыбызда коомдук тартипти орнотууга зор салым кошуп, ийгиликтерди жаратып жүрө беришиңиздерге тилектешпиз!

Сиздерди урматтоо менен,

Кара-Көл шаарынын мэри               Конкобаев Талайбек Тажиматович. 

 

  Кароолор (222)