Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
“Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук”
Жарыяланган датасы:
02.10.2023

2012-жылдын 10-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында балдарды улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө” №237-токтомунун негизинде, 1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата “Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук” аттуу бир айлык акциянын алкагында, Кара-Көл шаарынын өнүгүүсүнө зор салым кошкон эмгек ардагерлерине, улгайган карыяларга сый тамак шаарыбыздын “Эдельвейс” кафесинде уюштурулуп, мэрдин биринчи орун басары Э.С.Тажимырзаев, шаардык кеңештин төрагасы Ч.А.Кимсанов, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Ч.Э.Тургунбаева карыяларды куттуктап, шаардык маданият бөлүмү тарабынан чон концерттик программа тартууланды. Сый тамак шаардык мэриянын резервдик фондунан жана демөөрчүлөр тарабынан каржыланды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абал облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан 100 жаштан ашкан Джуманалиева Мөймөл, Осмонкулова Шуру апалардын ар бирине 5000сомдон 10000сом акча каражаты банк аркылуу каржыланды.
Ал эми жергиликтүү бюджеттен, мэрия тарабынан 100жаштан ашкан 2 карыяга ар бирине 1000сомдон 2000сом, 90 жаштан ашкан -12, жалгыз бой -17, эмгер ардагери-44 карыяларга ар бирине 500сомдон 36500сом жалпы 75 карыяга 38500сом банк аркылуу каржыланып берилди.
“Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук” аттуу бир айлык акциянын 2023-жылдын 15-октябрына чейин уланууда,иш чаранын алкагында ар бир шаарыбыздагы мекеме-ишканалар, коомдук уюмдар, жеке ишкерлер өзүлөрүнүн ардагер карыяларга камкордук көрүп, материалдык жардамдарды жана медициналык, юридикалык акысыз кызмат көрсөтүү иш чаралары улантылат.