Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Шаарларды бириктирген Форум Казань-2023
Жарыяланган датасы:
14.09.2023

Казань шаарында “Шаарларды бириктирүүчү Форум Казань-2023” эл аралык форуму өттү. Ал форумга Кара-Көл шаарынын мэринин орун басары Гульмира Сатарова 6-11-сентябрь күндөрү катышып келди. Талкуунун негизги темалары муниципалитеттер аралык кызматташуу, тарыхый мурастарды сактоо жана жарандар менен өз ара аракеттенүү менен шаарларды өнүктүрүү болду. Форумга Татарстандын Президенти Рустам Нургалиевич Минниханов жана Казань шаарынын мэри Ильсур Метшин катышып, алдыңкы тажрыйбаларды алмашуу үчүн Россиянын 50 регионунан жана 20 мамлекеттен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чогулганын, алардын ичинде Кытай, Камерун, Турция, Вьетнам, ЮАР, Марокко, Казахстан, Кыргызстан бар экендигин белгилешти. Форумдун эң чоң делегациясы болуп 14 адамдан турган мэрлер жана мэрлердин орун басарлары Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзунун директорунун орун басары Данияр Айтбаевдин жетекчилигинде катышты. Форумдун жүрүшүндө Баткен, Каракол, Кербен, Кочкор-Ата шаарларынын мэрлери шаарлары боюнча кыскача маалымат жана шаарды башкаруунун айрым маселелери боюнча баяндама жасашты. Өз кезегинде Казань шаарынын мэри Ильсур Метшин делегацияны жеке кабыл алып, Форумга катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Жолугушууда тараптар муниципалитеттердин ишмердүүлүгүн жана мындан аркы кызматташуу пландарын талкуулашты. Ошондой эле делегация тажрыйба алмашуу максатында Казань шаарынын бир катар муниципалдык ишканаларынын жана мекемелеринин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Казань шаары – Россиянын өнөр-жай, билим-илим, маданий, спорт, туризм соода тармагындагы эң ири борборлорунун бири болуп саналат. Казаньда, шаардан тышкары 6 административдик району бар экен, калкынын саны 1,35 млн. Казаньда негизинен машина куруу, химия жана нефтехимия, жеңил өнөр жайлары, тамак-аш өнөр жайы, авиациялык завод, вертолет куруу заводу жана мотор куруу өндүрүштөрү иштейт. Казань шаары акыркы 10 жылда эбегейсиз өнүгүп өсүп жана Казань шаарынын 1000 жылдыгын белгилеп, көптөгөн курулуштар курулган. Эски үйлөрдү алмаштыруу боюнча өзүнчө программа кабыл алынып, жылына 4500 метр квадрат турак жай кабыл алынат. Эски турак жайлардагы үй-бүлөлөр жаңы турак-жайларга көчүрүлүп, ал эми калган жарандарга ипотекалык 4% менен узак мөөнөткө берилет. Казаньда турак-жайдын 1 метр квадраты 300,0 миң рубль турат экен.