Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын чет мамлекеттер менен региондор аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын өкүлдөрүнүн бизнес коомчулук менен жолугушуусу өттү
Жарыяланган датасы:
27.08.2023

Бүгүн, 2023-жылдын 27-августунда Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын чет мамлекеттер менен региондор аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын өкүлдөрүнүн, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жана Кара-Көл шаарынын мэри Конкобаев Талайбек Тажиматовичтин катышуусунда жергиликтүү бизнес коомчулук менен жолугушуусу өткөрүлдү. Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын чет мамлекеттер менен региондор аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү "Достук" заводунун иши менен таанышып, Токтогул ГЭСинде иш сапар менен болушту. Алыстан келген конокторду шаарыбыздын мэри Т.Т.Конкобаев, Токтогул ГЭСтер Каскадынын директору А.О.Тайчабаров жана "Достук" заводунун директору Н.О.Жакыпов коштоп жүрүштү.