Көрүүсү начарлар үчүн версия

Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ЖОЛ КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗДОО - АТА-ЭНЕНИН ЖООПКЕРЧИЛИГИ

Жарыяланган датасы:

10.09.2026

9-сентябрь күнү Кара-Көл шаарындагы №4 Д. Шопоков атындагы жалпы билим берүүчү мектебинде «Көңүл бургула балдар» аталышындагы профилактикалык түшүндүрүү иш-чарасы өттү.

Иш-чарага шаардык мэриянын өкүлдөрү, шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Жыргал Капалбаев жана ата-энелер катышты.

Анда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, мыйзамдагы өзгөртүүлөр, жол эрежесин бузган айдоочулардын жоопкерчилиги жана өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча маалымат берилип, ата-энелерди кызыктырган суроолорго жооптор берилди.

Түшүндүрүү иштеринин негизги себеби — шаарда өспүрүмдөрдүн ата-энесине айтпастан автоунааны алып чыгып, өз алдынча айдап жүргөн учурлары жана анын кесепетинен жол кырсыктарынын катталышы. Быйыл жыл башынан бери өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарынын көбөйүшү бул багыттагы профилактикалык иштерди күчөтүүнү талап кылууда.

Ата-энелерге жашы жете элек өспүрүмдөргө автоунаа башкарууга жол бербөө жана балдардын жол коопсуздугуна жоопкерчилик менен мамиле кылуу зарылдыгы эскертилди.

Иш-чараны Кара-Көл шаардык мэриясы жана шаардык ички иштер бөлүмүнө караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмү биргеликте өткөрдү.

Максат — өспүрүмдөрдүн жол кырсыктарына кабылуусун алдын алуу жана адам өмүрүн сактоо.

  Кароолор (41)