Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Мугалимдерди куттуктоо
Жарыяланган датасы:
05.10.2023

Бүгүн, 2023-жылдын 5-октябрында шаар аймагында билим берүү мекемелеринин кызматкерлерин шаардын мэринин биринчи орун басары Тажимырзаев Эдилбек Садырбекович, шаардык кеңештин төрагасы Кимсанов Чыңгыз Алманбетович жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Кыргызбай кызы Гульназира куттукташты. Алгач куттуктоо аземи шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлерин куттуктоодон башталып, андан соң бала бакча, жалпы орто билим берүү мекемелеринин ардактуу мугалимдерин, тарбиячыларын кесиптик майрамы менен куттукташып, ардактуу мугалимдерге мэриянын "Кара-Көл шаарына сиңирген эмгеги үчүн" ордени, "Кара-Көл шаарына ак ниет кызматы үчүн" медалы жана шаардык кеңештин "Мыкты инсан" медалы тапшырылып, мэриянын, шаардык кеңештин жана билим берүү бөлүмүнүн ардак грамоталары менен сыйланышты.
Мындан сырткары, мэрдин сунушу менен мэриянын резервдик фондунан педагогикалык стажы 50 жылдан ашкан 6 мугалимге 5000 сомдон бөлүнүп берилди.