Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Мэрдин мугалимдерди куттуктоо сөзү
Жарыяланган датасы:
05.10.2023

Урматтуу билим берүү тармагынын кызматкерлери! Урматтуу мугалимдер! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Мугалимдер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Мугалимдик кесип эң ардактуу, эң сыймыктуу кесип. Анткени сиздер келечек муундарын даярдап, аларга татыктуу билим жана тарбия берип, шаарыбыздын, өлкөбүздүн өнүгүшүнө зор салым кошуп жатасыздар. Өлкөнүн келечеги Сиздердин ишиңиздерден көз каранды. Мектеп баштаган билим берүү мекемелеринде балдар өз өлкөсүнүн тарых-таржымалын, эне тилин, маданияты менен каада-салтын окуп-үйрөнүүнүн негизинде ар бир окуучу өзүн таанып билет, патриоттуулук сезими ойгонуп, өз өлкөсү үчүн сыймыктануу сезимдери калыптанат.
Урматтуу эжей-агайлар, кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктаймын! Баарыңыздарга чың ден соолук, кажыбас кайрат, бакубат турмуш каалайм.
Сиздерди терең урматтоо менен,
Кара-Көл шаарынын мэри Конкобаев Талайбек Тажиматович.