Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Мамлекеттик тил күнүн белгилөө
Жарыяланган датасы:
22.09.2023

Кара-Көл шаарында Мамлекеттик тил күнүн белгилеп, Энергетик маданият үйүндө "Эне-тил - улут уюткусу" темасында #7706 аскер бөлүгү менен мектеп окуучулары катышкан жаштар арасында сынак, адабий иш чара өттү. Иш чарада мамлекеттик тилди даңазалап, ырлар окулду, ырдалды, сахналаштырылган окуялар көрсөтүлдү. Мамлекеттик тилибизди ардактап, муунга муунга Мурас калтырып байытуу маселелери көтөрүлдү.