Көрүүсү начарлар үчүн версия

Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Карыялар күнүнө карата мэрдин куттуктоосу

Жарыяланган датасы:

01.10.2023

Ардактуу апалар, аталар, чон апа, чон аталар, кадырман карыяларыбыз!

Сиздерди 1-октябрь Эл аралык карыялардын күнү менен чын дилимден куттуктайм.

“ Улуу тоого чыккан барбы- улар үнүн уккан барбы” деген накыл кептегидей, бир кылымдан ашуун жашаган мазмундуу өмүрдү жараткан шаарыбыздын тургундары Джуманалиева Мөймөл, Осмонкулова Шуру энелерибизге буюрган экен. Алтын аяктан суу ичип, салт билген, нарк сактаган кылым карыткан карыларыбыздын катарын толуктап, карыялык кебиңиздерди айтып отурганыңыздар өзү эле шаарыбыз үчүн чон сыймык.

Шаарыбыздын өнүгүүсүнө зор салымын кошкон карыларыбыз 50 жыл жана ашык жыл бир никеде жашаган 56 карыя же 28 үй-бүлө, “Эмгек ардагерлер”-64, 90 жаштан жогору 13 “Караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан” карыяларыбыздын көрсөткөн жолу менен келген кыргыз урпагы минтип бүгүнкү күндө дагы эгемен мамлекет куруп, тарыхта өз ордун татыктуу ээлеп, кыргыз атын, кыргыз затын жоготпой келет. “Карысы бардын ырысы бар” бул улуу наркты биз улантабыз. Сиздердин алтынга баалангыс акыл насааттарыңыздар бизге шам чырак!

Майрамыңыздар кут болсун! Күүлү-күчтүү болуп, кыргыз журтчулугуна ак батыңыздарды берип жүрө бериңиздер!

Сиздерди урматтоо менен шаары мэри,

Талайбек Тажиматович Конкобаев.

  Кароолор (255)