Көрүүсү начарлар үчүн версия

Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

КАРА-КӨЛДӨ ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ЭМГЕГИ КӨЗӨМӨЛДӨНҮҮДӨ

Жарыяланган датасы:

04.09.2026

Шаардык мэриянын иш планына ылайык, Кара-Көл шаарында өспүрүмдөрдү мыйзамсыз эмгекке тартууга бөгөт коюу жана алдын алуу максатында профилактикалык түшүндүрүү иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарага шаардык ички иштер бөлүмүнүн, шаардык билим берүү бөлүмүнүн, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын Түштүк региону боюнча региондор аралык башкармалыгынын улук инспектору Кеңешбеков Заманбек катышты.

Иш-чаранын алкагында тамактануучу жайларда, соода түйүндөрүндө жана башка объектилерде рейддик текшерүүлөр жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 4 өспүрүм аныкталды. Аларды ишке алган соода түйүнү жана тамактануучу жайлардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилди.

Өспүрүмдөрдүн бардыгы ата-энесинин макулдугу менен иштеп жатканын билдиришти.

  Кароолор (13)