Көрүүсү начарлар үчүн версия

Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Кара-Көл шаарынын мэриясынын башкы, улук жана кенже административдик кызмат орундарынын кадрлар резервин толуктоо үчүн ачык сынак жарыялайт.

Жарыяланган датасы:

01.11.2023

Кара-Көл шаарынын мэриясы башкы, улук  жана кенже административдик кызмат орундарынын кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

 

        Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:

Кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык, экономикалык, техникалык, курулуш, энергетика, социалдык, тармактарында)

 Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;

 

Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:

Кесиптик билим денгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык экономикалык, гуманитардык, экологиялык багыт боюнча, энергетика, техникалык, архитектура жана курулуш адистиктери боюнча, техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология адистиктери боюнча, социалдык, курулуш багыты боюнча, табигый илимдер) 

Иш тажрыйбасы жана стажы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

 

Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:

Кесиптик билим денгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку билим же орто кесиптик билим,  (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык экономикалык, гуманитардык, экологиялык багыт боюнча, энергетика, техникалык, архитектура жана курулуш адистиктери боюнча, техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология адистиктери боюнча, социалдык, курулуш багыты боюнча, табигый илимдер) 

Иш тажрыйбасы жана стажы:

- иш стажына талап коюлбайт;

 

Административдик муниципалдык кызматтардын бардык топтору үчүн
1) Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
2) Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продукттарды колдоно билүү 

 

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтер талап кылынат:

Документтерди делого тиркеп тапшыруу керек (делонун сыртына толук аты-жөнү, байланыш номерлери, электрондук почта дареги көрсөтүлсүн):

  • Жеке арызы (кызмат ордун көрсөтүү менен);
  • Кадрларды каттоо баракчасы; 
  • Билими туралуу документтердин көчүрмөсү (нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги персоналдар менен иш алып баруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
  • Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги персоналдар менен иш алып баруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
  • Паспортунун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска документтерди тапшырган учурда, ошондой эле тестирлөө этабында көрсөтүлөт);
  • Өмүр баяны, өзүнүн жана жакын туугандарынын соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);
  • Таржымал;
  • Сүрөт (3*4, 2 даана)

    Документтер массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат. 

Дареги: Кара-Көл шаардык мэрия, Ленин көчөсү 1. 

Кошумча маалымат үчүн тел: 0 (3746) 5 17 13; 0771360037

Конкурска катышуу үчүн документтерди мэриянын кадрлар жана уюштуруу иштери боюнча башкы адиси А.Ш.Ажибаевага тапшыруу керек. тел: 0 (3746) 5 17 13; 0771360037

Эскертүү: белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.

  Кароолор (93)