Көрүүсү начарлар үчүн версия

Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Эгемендүүлүк күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү

Жарыяланган датасы:

31.08.2023

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата шаардык “Энергетик” стадионунда салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын башталышында  шаардык маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “Аталар түптөгөн- эгемен кыргыз элим” аттуу атайын дяардалган театрлаштырылган композиция коюлуп, концерттик программа менен коштолду. 
Майрамдык салтанатка келген конокторду, шаар тургундарын мэр Конкобаев Талайбек Тажиматович куттуктап, Эгемендиктин туусу алдында бардыгыбыздын бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, шаарыбызды жана Ата Мекенибизди өнүктүрүүгө, келечек муундарыбызды жаңы идеологиянын негизинде улуттук баалуулуктарыбызды таанып билүүгө жана анын негизинде жашоо кечирүүнү адатка айлантууга жетишүүгө чакырды. Мындан сырткары, иш-чаранын катышуучуларын шаардык кеңештин төрагасы Ч.А.Кимсанов жана шаардын ардактуу атуулдары К.Масиров, Р.Абытканова куттукташты.
Аталган майрамдык салтанаттын жүрүшүндө, “Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча жарыяланган 3 айлыктын” жыйынтыгы менен жакшы жетишкендиктерге жетишкен мекеме-ишканаларга, шаар аймагындагы үйлөргө сыйлыктар тапшырылды. Атап атсак, “Мыктыи шкана” номинациясы- Токтогул ГЭСтер Каскадына жана Камбарата ГЭСине, “Мыкты мекеме” номинациясы- №89 кесиптик лицейге жана Кыргыз Республикасынын Ички аскерлеринин 7706 аскер бөлүгүнө,  “Үлгүлүү  үй” номинациясы -Жазы-Кечүү айылынын  Аден Таштанов көчөсүнүн №28-үйүнө, Серый көчөсүнүн №11-үйүнө, Сабиров көчөсүнүн №14-үйүнө, Сабиров көчөсүнүн №115А жана “Үлгүлүү көчө” номинациясы – Акташ көчөсүнө жана Кетмен-Төбө айылынын Камбар-Ата көчөсүнө ыйгарылды.
 

  Кароолор (82)