Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө маалымат
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы «2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө» ПЖ №137 Жарлыгынын аткарылышы тууралуу
Жарыяланган датасы:
09.09.2026
Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 «2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө» Жарлыгы кабыл алынып, коррупциянын алдын алуу, аны аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча бир катар маанилүү милдеттер белгиленген.
Аталган стратегиялык документтин талаптарын ишке ашыруунун алкагында Кара-Көл шаарынын прокуратурасы тарабынан коррупцияга каршы аракеттенүү багытында тиешелүү прокурордук көзөмөл иш-чаралары жүргүзүлдү.
2026-жылдын 6 айында жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 25 мыйзам бузуучулук аныкталып, аларды четтетүү жана мыйзам бузууларга жол берген себептерди жоюу максатында 5 прокурордук чара көрүү актылары киргизилген. Натыйжада 2 кызматкерге карата тиешелүү чаралар көрүлгөн.
Коррупцияга каршы аракеттенүү багытында жалпы 7 кылмыш иши козголгон.
Анын ичинен:
- коррупцияга каршы аракеттенүү багыты боюнча – 5 кылмыш иши;
- мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө – 1 кылмыш иши;
- кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча – 1 кылмыш иши.
Козголгон кылмыш иштеринин бардыгында кызматтык жана коррупциялык кылмыштардын белгилери камтылган. Алардын ичинен 3 кылмыш иши оор кылмыштардын категориясына кирет.
Кара-Көл шаарынын прокуратурасы тарабынан шаардык мэрияда жана муниципалдык менчик башкармалыгында жергиликтүү бюджеттин каражаттарына жүргүзүлгөн курулуш, оңдоп-түзөө иштеринин жана мамлекеттик сатып алуулардын мыйзамдуулугу текшерилген.
Мисалы, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмү тарабынан аудит жүргүзүлүп, Кара-Көл шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы «Капчыгай» кафесинин кошумча курулмаларын 4 млн 500 миң сомго сатып алгандыгы аныкталган.
Аталган объекттин баасы баалоо отчетунда 5 млн 525 миң 952 сом деп көрсөтүлгөн. Бирок аудиттин жүрүшүндө, анын ичинде 1061,76 чарчы метр брусчатканын 2 млн 520 миң 837 сомго бааланганы, ал эми рыноктук баасы болжол менен 500–850 сом экени аныкталган.
Ошондой эле объект Кара-Суу дарыясынын суу коргоо зонасында жайгашканы жана жер тилкесин жеке менчикке берүү боюнча мурда кабыл алынган чечимдер сот тарабынан жараксыз деп табылганы белгиленген.
Ошого карабастан, 2024-жылдын 29-мартындагы шаардык кеңештин чечими менен 4 млн 500 миң сом бөлүнүп, 20-июнда мурдагы мэр Т.Конкобаев менен М.Койчиевдин ортосунда сатып алуу келишими түзүлүп, 21-июнда каражат толугу менен төлөнгөн.
Аудиттин жыйынтыгында 4 млн 500 миң сом бюджеттик каражаттын максатсыз пайдаланылгандыгы жөнүндө корутунду чыгарылган. Аталган факты боюнча Кара-Көл шаарынын прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Бул сыяктуу фактылар мамлекеттик жана муниципалдык каражаттарды пайдаланууда мыйзамдуулукту, ачык-айкындуулукту жана жоопкерчиликти камсыз кылуунун өзгөчө маанилүү экендигин көрсөтөт. Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн негизги максаты мыйзам бузууларды аныктоо менен гана чектелбестен, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууну камсыз кылуу, коррупциялык көрүнүштөргө шарт түзгөн себептерди жана жагдайларды жоюу, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык каражаттардын натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышына жетишүү болуп саналат. Кара-Көл шаарынын прокуратурасы тарабынан коррупцияга каршы аракеттенүү багытындагы иштер мындан ары да системалуу түрдө улантылып, мамлекеттик жана муниципалдык каражаттардын мыйзамдуу, ачык-айкын жана максаттуу пайдаланылышын камсыз кылууга, коррупциялык укук бузуулардын алдын алууга жана аныкталган мыйзам бузуулардан мамлекетке келтирилген зыянды өндүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.